Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунда мезгил кутучасы салынды

🔶Бүгүн, 2025-жылдын 23-июлунда, Ош облусунун прокурору Ахматов Чингиз Аширбековичтин катышуусунда Кара-Суу районунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратына мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү.
🔹Салтанаттуу иш-чарага Ош облусунун прокурору Ахматов Чингиз Аширбекович, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Ош облустук башкармалыгынын башчысы Рысалиев Даниель Ормонбекович, Ош облустук сотунун төрагасы Асанов Эрлан Джекшенбекович, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бурканов Нурланбек Орозматович, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Табалдиев Канат Касенович, прокуратура кызматкерлери жана ардагерлери, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.
🔹Иш-чаранын жүрүшүндө облус прокурору Чингиз Аширбекович прокуратура кызматкерлерине мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, элдин ишенимин кайтаруу жана конституциялык милдеттерди так аткаруу боюнча тапшырмаларды берди.
🔹Курулуп жаткан жаңы имаратта прокуратура кызматкерлери жана жарандар үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттар түзүлүп, керектүү техникалык жабдуулар менен толук камсыздалат.
🇰🇬 Бул кадам – укуктук тутумду чыңдоого карай дагы бир маанилүү кадам.
Scroll to Top