Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 Жарлыгынын негизинде Датка айыл аймагын аралап өткөн Ош–Алай жолунун боюндагы мыйзамсыз курулуштар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К. Айтибаев, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А. Жусупов жана тиешелүү комиссия мүчөлөрү катышып, жеринде мыйзамсыз курулуш ээлери менен жолугушуп, мыйзам талаптары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Жыйынтыгында, мыйзамсыз соода түйүндөрүн 3 күндүн ичинде алынуусу зарыл экени эскертилди. Ошондой эле жол боюндагы бардык соода объекттерин райондук архитектура тарабынан сунушталган бирдиктүү дизайнда кооздоп, талапка ылайыктап оңдоп-түзөө керектиги белгиленди.
Жарандар мыйзамдуулукту сактоого, жол коопсуздугун камсыздоого жана бул багытта мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташууга чакырылды.