Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким К.К. Табалдиевдин тапшырмасына ылайык, райондун борборунан алыс жайгашкан Ынтымак айыл аймагына иш сапар уюштурулуп, бир катар социалдык объекттердин абалы жеринен текшерилди.
Акимдин орун басары А. Куланова Кызыл-Суу айылында төмөнкү мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты:
Кызыл-Суу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ) – калкка медициналык кызмат көрсөтүү боюнча күнүмдүк ишмердүүлүк менен жеринен таанышылды. ҮДТ өз ишин белгиленген тартипте жүргүзүүдө. Ошону менен бирге, шарттарды жакшыртууга муктаж болгон айрым маселелер да белгиленип, тиешелүү сунуштар берилди.
№104 Сейитбек Нышанбаев атындагы орто мектеп – учурда жүрүп жаткан кезектеги оңдоп-түзөө иштери текшерилип, кемчимдиктер белгиленди. Иштердин сапаты жана графиги боюнча жооптуу кызматкерлерге тийиштүү көрсөтмөлөр берилди.
№78 Насирдин Бапыгулов атындагы орто мектеп – капиталдык ремонттун жүрүшү көзөмөлдөнүп, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо зарылдыгы эскертилди.
Кызыл-Суу айылындагы бала бакча – мектепке чейинки билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык абалы жана балдарды кабыл алуу шарттары жеринен каралып, айрым жетишпеген жагдайлар боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар берилди.
Эс алуучу жайлар жана коомдук пайдалануудагы аймактар – айыл ичиндеги эс алуучу аянтчалардын, коомдук жайлардын санитардык абалы жана таза сакталуусу боюнча маселелер көтөрүлүп, тийиштүү тазалыкты камсыздоо жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Айыл ичиндеги жолдордун жээгинин абалы – жол жээктеринин тазалыгы, көрктөндүрүү иштери да кароого алынып, тиешелүү кызматтарга жүктөмдөр берилди. Иш сапардын жыйынтыгында, социалдык объекттердин жетекчилери менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, жаралган маселелерди ыкчам чечүү, шарттарды жакшыртуу багытында сунуштар берилди.