Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Эл аралык эне тил күнүнө карата райондук деңгээлде иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү

Иш-чарага акимдин орун басары А. Куланова, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Б. Караев, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана район активи катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгынын алкагында өткөрүлүп, анын негизги максаты – мамлекеттик тилдин макамын бекемдөө, тил маданиятын жогорулатуу жана кызматкерлердин сабаттуулугун арттыруу болду.

Биринчи этапта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин арасында жат жазуу алынып, алардын мамлекеттик тилди билүү деңгээли бааланды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү концерттик программа менен коштолуп, катышуучулар арасында интеллектуалдык “Kahoot” оюну уюштурулду. Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.

Мындай иш-чаралар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана коомдук биримдикти чыңдоого өбөлгө түзөт.

Scroll to Top