Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Отуз-Адыр жана Ынтымак айыл аймактарында элдик жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 17-февралда Отуз-Адыр жана Ынтымак айыл аймактарында элдик жыйын болуп өттү. Жыйынга Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары Арзибек Жусупов, Кара-Суу районунун прокурору Араз Имангазиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Данияр Рыскулов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө айыл тургундары тарабынан сын-пикирлер жана сунуштар айтылып, суроолор берилди. Көбүнчө жолдордун абалы, таза суу менен камсыз кылуу, жер маселелери, социалдык объектилердин абалы жана башка актуалдуу маселелер көтөрүлдү.

Акимдин биринчи орун басары көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча тиешелүү кызматтарга так тапшырмаларды берип, алардын аткарылышын жеке көзөмөлүнө аларын белгиледи. Ошондой эле жарандардын сунуш-пикирлери районду өнүктүрүүдө маанилүү экенин баса белгиледи.

📍 Кийинки элдик жыйындар тууралуу маалымат

Элдик жыйындар 18-февралда өтөт:
1️⃣ Папан айыл аймагынын Арал айылындагы маданият үйүндө–саат 10:00
2️⃣ Кара-Суу шаарындагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында– саат 14:00
Папан жана Кара-Суу шаар тургундарын жыйынга активдүү катышууга, чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүн жана сунуш-пикирлерин ачык айтып берүүгө чакырабыз.

Элдик жыйын жергиликтүү маселелерди талкуулоонун жана аларды чечүү жолдорун биргелешип кароонун маанилүү аянтчасы.
Бардыгыңыздарды жыйынга чакырабыз!

Scroll to Top