Бүгүн, 14-февралда кезектеги элдик жыйын Савай жана Жоош айыл аймактарында өткөрүлдү. Жыйынга Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Канат Табалдиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Данияр Рыскулов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар активдүү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө айыл өкмөттөрүнүн 2025-жылы аткарган иштери жана алдыга мерчемделген милдеттери боюнча маалыматтар угулуп, талкууланды.
Район башчысы-аким Канат Табалдиев райондун аймагында өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштер, инфраструктуралык долбоорлор, социалдык тармактагы жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер тууралуу кеңири маалымат берди.
Жыйынга келген тургундар өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерин, сын-пикирлерин жана сунуштарын билдиришти. Кээ бир орчундуу маселелер жеринде чечилсе, айрым маселелер район башчысынын көзөмөлүнө алынып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
📍 Кийинки элдик жыйындар тууралуу маалымат
Элдик жыйындар 16-февралда өтөт:
1️⃣ Мады айыл аймагынын Асан-Чек айылындагы Маданият үйүндө – саат 10:00
2️⃣ Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак айылындагы Маданият үйүндө – саат 14:00
Мады жана Баш-Булак айыл аймактарынын тургундарын жыйынга активдүү катышууга, чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүн жана сунуш-пикирлерин ачык айтып берүүгө чакырабыз.
Элдик жыйын жергиликтүү маселелерди талкуулоонун жана аларды чечүү жолдорун биргелешип кароонун маанилүү аянтчасы.
Бардыгыңыздарды жыйынга чакырабыз!


