Бүгүн Манас айыл өкмөтүндө элдик жыйын болуп, иш-чара жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.
Жыйынга Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Канат Табалдиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Данияр Рыскулов, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар активдүү катышты.
Элдик жыйында айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде аткарган иштери боюнча кеңири маалымат берилди. Социалдык-экономикалык өнүгүү, жолдордун абалы, таза суу, электр энергиясы, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык маселелер боюнча аткарылган иштер жана алдыдагы пландар талкууланды.
Район башчысы Канат Табалдиев райондун, аймагында өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштер, инфраструктуралык долбоорлор, социалдык тармактагы жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле учурда бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилеп, жарандардын көйгөйлөрүн укту.
Тургундар тарабынан көтөрүлгөн суроолорго жана сунуш-пикирлерге аким жана тиешелүү мекеме жетекчилери так жана түшүндүрмө жоопторду беришти. Көйгөйлүү маселелер протоколго алынып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
📍 Кийинки элдик жыйындар тууралуу маалымат
Элдик жыйындар эртең, 14-февралда өтөт:
1️⃣ Савай айыл аймагынын Курбан-Кара айылындагы Пионердин 50 жылдык атындагы орто мектепте – саат 10:00
2️⃣ Жоош айыл аймагынын Зарбалик айылындагы N36 Зарбалик атындагы орто мектепте – саат 14:00
Савай жана Жоош айыл аймактарынын тургундарын жыйынга активдүү катышууга, чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүн жана сунуш-пикирлерин ачык айтып берүүгө чакырабыз. Элдик жыйын – жергиликтүү маселелерди талкуулоонун жана чечүү жолдорун биргелешип кароонун маанилүү аянтчасы.
Бардыгыңыздарды жыйынга чакырабыз!





