Бүгүн, 13-февралы күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Табалдиев Канат Касеновичтин демилгеси астында, Ооганстандан Советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына жана 25-февраль Тажик-Ооган участогунда “Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигинин чек арасын кайтарууну күчөтүүнүн катышуучуларынын күнүнө карата иш чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Куланова Айжан Мамаевна, Кара-Суу шаарынын мэри Ислам Жолдошбаевич, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, Ооган согушунун ардагерлери катышты.
Алгач, курман болгон аскерлерге арналып тургузулган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.
Эскерүү иш-чарасынын экинчи бөлүгү Кара-Суу райондук Т.Эшбаев атындагы маданият үйүнүн концерттик залында улантылып, келген конокторго маданий концерттик программа тартууланды жана бир катар ардагерлер Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясын, Кар-Суу шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Ошону менен бирге айыл өкмөттөр тарабынан айыл аймактагы ардагерлерге акчалай колдоолор көрсөтүлдү.


