Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Район башчысы – акимдин элдик жыйыны Ала-Тоо жана Датка айыл аймактарында өттү

Бүгүн Ала-Тоо жана Датка айыл аймактарында элдик жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Канат Табалдиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Данияр Рыскулов, райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл аймактардын тургундары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө район башчысы Канат Табалдиев райондун, анын ичинде Ала-Тоо жана Датка айыл аймактарын өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштер, инфраструктуралык долбоорлор, социалдык тармактагы жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле учурда бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилеп, жарандардын көйгөйлөрүн укту.

Айыл тургундары тарабынан таза суу менен камсыз кылуу, жайыт маселеси, турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин жетишсиздиги, ирригация тутуму, ички жолдордун абалы, мектеп көйгөйлөрү жана айыл аймактын тазалыгы боюнча бир катар маселелер көтөрүлдү.

Көтөрүлгөн бардык маселелер район акими тарабынан көзөмөлгө алынып, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.

📍 Кийинки элдик жыйын тууралуу маалымат

Ошондой эле элдик жыйын эртең, 13-февралда Манас айыл аймагынын Нурдар айылындагы Маданият үйүндө саат 10:00дө өткөрүлөт.
Манас айыл аймагынын тургундарын жыйынга активдүү катышууга, чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүн жана сунуш-пикирлерин ачык айтып берүүгө чакырабыз. Элдик жыйын жергиликтүү маселелерди талкуулоонун жана аларды чечүү жолдорун биргелешип кароонун маанилүү аянтчасы болуп саналат.

Бардыгыңыздарды жыйынга катышууга чакырабыз.

 

Scroll to Top