🔹2026-жылдын 11-февраль күнү Кара-Суу райондук маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” чыгармачыл союздардын жана илимий интеллигенциясынын республикалык форумунун I этабынын алкагында жолугушуу, талкуу жана коомдук диалог уюштурулду.
🔹Иш-чара форумдун регламентине ылайык өткөрүлүп, чыгармачыл жолугушуулар, тематикалык талкуулар жана коомдук пикир алмашуу форматында өттү. Жолугушууга акимдин орун басары А. Куланова катышып, улуттук баалуулуктарды сактоо, интеллектуалдык потенциалды өнүктүрүү жана коомдук биримдикти бекемдөө багытындагы демилгелерди колдоорун белгиледи.
🔹Жолугушуунун жүрүшүндө:
▫️ илимий изилдөө институттары жана жогорку окуу жайлар менен өз ара кызматташууну күчөтүү маселелери талкууланды;
▫️ жергиликтүү деңгээлдеги актуалдуу көйгөйлөр жана сунуштар ортого салынды;
▫️ коомдук диалогдун жыйынтыгында пикирлер жыйынтыкталып, протокол менен бекитилди;
▫️ форумдун кийинки баскычына катышуу үчүн райондон 5 өкүл тандалды.
🔹Иш-чарага жогорку жана орто билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, чыгармачыл жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, жарандык коом институттары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Иш-чаранын соңунда республикалык форумга 5 делегат шайланып, протокол түзүлдү.


