Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясында коллегиялык жыйыны болуп өттү

🔹Бүгүн Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын коллегиялык жыйыны өткөрүлүп, күн тартибине «Кара-Суу районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын жыйынтыгы жана 2026-жылдын I кварталына коюлган милдеттер жөнүндө» маселе киргизилди.

🔹Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдын жыл жыйынтыгы менен Кара-Суу районунда өнөр жай продукциясынын көлөмү 6 млрд 552 млн 990,4 миң сомду түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 млрд 688 млн сомго көбөйүп, физикалык көлөмдүн индекси 122,8 пайызга аткарылган.

🔹Район аймагында өнөр жай ишканаларын ачуу менен жумушчу орундарды түзүү жаатында бир канча алгылыктуу иштер аткарылды. Тактап айтканда: 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 26 өнөр жай ишканасы ачылып, 1 млрд 276 млн сом инвестиция тартылып, 505 жаңы жумуш орундар түзүлгөн болсо, 2025-жылы жалпы каржылоо суммасы 2 млрд 714 млн 750 миң сомду түзүп, ар кандай кубаттуулуктагы 26 өнөр жай багытындагы ишканасы ачылып, 660 жумуш орун түзүлүп, мурунку жылга салыштырмалуу 155 жумуш орунуна көп түзүлгөн.

🔹Райондун киреше бөлүгүн алып карасак: 2025-жылдын жыл жыйынтыгы менен жалпы салыктар боюнча 2 млрд 889 млн 547,6 миң сом план-тапшырма белгиленип, иш жүзүндө 2 млрд 932 млн 294,6 миң сом жыйналды. План-тапшырма 42 млн 474,0 миң сомго ашыкча аткарылып, аткаруу деңгээли 101,5 пайызды түздү. Ал эми 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 902 млн 533,1 миң сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 144,5 пайызды түздү.

🔹Ошону менен бирге 2026-жылы аткарыла турган негизги иштер аныкталып, тиешелүү тапшырмалар коюлду. Талкуунун жыйынтыгында коллегиянын токтому кабыл алынып, аткарууга алуу үчүн жооптуу жетекчилерге жүктөлдү.

🔹Мындан тышкары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдын мыктылары аныкталып, сыйлоо аземи өткөрүлдү.

🔹Коллегиялык жыйынга Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Канат Табалдиев, коллегия мүчөлөрү, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери катышты.


 

Scroll to Top