Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде жыйын өткөрүлдү

🔹2026-жылдын 21-январында Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улутук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде жыйын өткөрүлдү.

🔹Жыйынга Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К.К. Табалдиев, райондук сот, прокуратура, ички иштер органдары, улуттук коопсуздук органдарынын өкүлдөрү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, аксакалдар, аялдар кеңештеринин төрагалары, коомдук активисттер катышты.

🔹Жыйындын күн тартибинде дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы, үй-бүлөлүк салт-санааларды жана маркумду узатуу жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү, коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты сактоо маселелери каралды.

🔹Иш-чаранын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү маалымат берип, видеоматериалдар көрсөтүлдү. Жыйындын жыйынтыгында мыйзамдардын жана Президенттин Жарлыктарынын талаптарын так жана өз убагында аткаруу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

 

 

 

Scroll to Top