Бүгүн, 16-августта Кара-Суу районунун 90 жылдыгына карата Ынтымак айыл аймагына караштуу Талаа айылындагы Көк-Ой эс алуу жайынын ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу ачылыш аземине Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Арзибек Жусупов, келген коноктор жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Көк-Ой — бул табият менен жуурулушкан, улуттук маданиятыбызды, салт-санааларыбызды даңазалаган өзгөчө эс алуу жайы. Бул демилге — өлкөбүздө туризм багытынын өнүгүшү менен районубуздагы жеке ишкерликтин өнүгүп жатканынын ачык далили.
Иш-чаранын алкагында жаңы жумуш орундар түзүлүп, эс алуу жайында 10 адам жумуш менен камсыз болду. Мына ушундай ачылыштардын негизинде жаштардын келечекке болгон ишеними бекемделип, регионубуздун социалдык-экономикалык өсүшүнө чоң салым кошулууда.
Мындай демилгелер мекенибиздин өнүгүүсүнө жол ачып, туризм тармагынын өнүгүшүн өстүрүп, маданиятыбызды даңазалоого өбөлгө болот. Көк-Ой — эс алуу гана эмес, руханий байлык тартуулаган жай.



