Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Жаңы асфальт төшөлгөн ички жолдор пайдаланууга берилди

Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине карата жаңы асфальт төшөлгөн ички жолдор пайдаланууга берилди .
13-август күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Арзибек Жусупов, Кара-Суу шаарынын мэри Ислам Эрмаматов жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда Эркин жана Ак-Орго айылдарындагы жаңы асфальт төшөлгөн ички жолдордун ачылыш аземи болуп өттү.
✅ Эркин айылы – Баймуратов көчөсү (1,2 км), Манас көчөсү (760 м), Абдразаков көчөсү (810 м).
✅ Ак-Орго айылы – №15 көчө (920 м).
Жол курулуш иштери толугу менен аяктап, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.
Scroll to Top