Чынгыз Бапаев Кара-Суу районунун акими кызматына киришти
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кол койгон тескемесине ылайык, Бапаев Чынгыз Арстанбекович Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды. Жаңы дайындалган акимди бүгүн, 9-март күнү, Кара-Суу районунун активине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
