“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” чыгармачыл союздардын жана илимий интеллигенциясынын республикалык форумунун I этабынын алкагында жолугушуу уюштурулду
🔹2026-жылдын 11-февраль күнү Кара-Суу райондук маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” чыгармачыл союздардын жана илимий интеллигенциясынын республикалык форумунун I этабынын алкагында жолугушуу, талкуу жана коомдук диалог уюштурулду. 🔹Иш-чара форумдун регламентине ылайык өткөрүлүп, чыгармачыл жолугушуулар, тематикалык талкуулар жана коомдук пикир алмашуу форматында өттү. […]




