Райондун тургундары менен жолугушуу болуп өттү
2026-жылдын 24-февраль күнү Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиев райондун тургундары менен жолугушту. Жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, айыл башчылар, РИИБдин жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты. РИИБ башчысы Данияр Рыскулов 2025-жыл ичинде кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө аткарган иш аракеттери жөнүндө маалымат берип, коопсуздукту жакшыртуу боюнча маселелер талкууланды. […]
