ӨКМнин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулуш иштери башталды

🔹2026-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн жаңы эки кабаттуу имаратынын курулушун баштоо алдында мезгил кутучасын салуу иш-чарасы болуп өттү. 🔹Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы — полковник Э. Мусаев, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К. Табалдиев, Кара-Суу шаар мэри И. Эрмаматов жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. […]