Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б. Э. Торобаев Кара-Суу районуна иш сапары менен келди
Бүгүн 8-август күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б. Э. Торобаев Кара-Суу районуна иш сапары менен келди. Сапардын алкагында Жоош айыл аймагындагы «Кыргызстан пахтачылык боюнча тажрыйба станциясынын» жана Савай айыл аймагынын аймагындагы КДСтин абалы менен жеринде таанышып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелерин укту. […]