Кара-Суу районуна – 90 жыл!  Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

2025-жылдын 1-август күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясында Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине карата уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйын райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канат Табалдиевдин жетекчилиги астында өткөрүлдү. Иш-чарага район аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты. Эске сала кетсек, 2025-жылдын 7-февралындагы №24 буйругуна ылайык, алар уюштуруу комитетинин мүчөлөрү катары бекитилген. […]