Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Август 2025

Жаңы жетекчи дайындалды

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиевдин 2025-жылдын 18-августундагы №16-сандуу буйругуна ылайык, Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Тажибаев Казыбек Канибекович дайындалды. Аким Канат Табалдиев жаңы дайындалган айыл өкмөт башчысын эмгек жамаатына тааныштырып, анын ишине ийгиликтерди каалап, алдыдагы милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле аким Папан айыл аймагында курулуп […]

Жаңы жетекчи дайындалды

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиевдин 2025-жылдын 18-августундагы №17-сандуу буйругуна ылайык, Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Калмуратов Мамбет Маматалиевич дайындалды. Аким Канат Табалдиев жаңы дайындалган айыл өкмөт башчысын эмгек жамаатына тааныштырып, анын ишине ийгиликтерди каалап, алдыдагы милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Аппараттык кеңешме өттү

Бүгүн, 20-августта, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине даярдык көрүү боюнча аппараттык кеңешме болуп өттү. Аппараттык кеңешмеге район акими Канат Табалдиев жана уюштуруу комитетинин мүчөлөрү катышты. Жыйында мааракенин деңгээлин жогорулатуу, белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу өткөрүү, ошондой эле ар бир жетекчинин жоопкерчилигин күчөтүү маселелери талкууланды. Аким Канат Табалдиев мааракеге

Кара-Суу районунда “Укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлдү

 Бүгүн, 2025-жылдын 20-августунда Кара-Суу районунун аймагында «Укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү» аттуу иш-чара өткөрүлдү.  Иш-чарага Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К.К. Табалдиев, Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы — Д.И. Рыскулов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты. Катышуучулар тарабынан аймактарды кыдырып, укук бузуулардын пайда болуу себептерин жана шарттарын

Мыйзамсыз курулган коомдук тамактануучу жайлар текшерилди

2025-жылдын 19-август күнү Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев Отуз-Адыр айылындагы Отуз-Адыр каналынын жээгинде мыйзамсыз курулган коомдук тамактануучу жайды (чайкананы) жеринен текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жай санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана корук зонасынын эрежелерин сактабай иш жүргүзүп келгендиги аныкталды. Айыл өкмөтү тарабынан эскертүү (уведомление) берилип, учурда объектти жабуу боюнча тиешелүү документтеринин мыйзамдуулугу текшерилип жатат. Мыйзамсыз курулуштарга жана талаптарга

Таза суу чыгаруу маселеси боюнча айыл тургундары менен жолугушуу болду

Бүгүн, 16- августта Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Арзибек Жусупов Ынтымак айыл аймагынын Коргон жана Корок айылдарына таза суу чыгаруу маселеси боюнча айыл тургундары менен жолукту. Жолугушууда айыл тургундары өз маселесин айтуу менен бирге таза суу маселелерине кененирээк токтолуп көйгөйлөрүн айтышты. Акимдин биринчи орун басары жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери жарандардын суроолоруна жооп

Көк – Ой эс алуу жайынын ачылышы болуп өттү.

Бүгүн, 16-августта Кара-Суу районунун 90 жылдыгына карата Ынтымак айыл аймагына караштуу Талаа айылындагы Көк-Ой эс алуу жайынын ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу ачылыш аземине Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Арзибек Жусупов, келген коноктор жана жергиликтүү тургундар катышышты. Көк-Ой — бул табият менен жуурулушкан, улуттук маданиятыбызды, салт-санааларыбызды даңазалаган өзгөчө эс алуу жайы. Бул демилге

Кара-Суу районунда жалпы ишембилик өткөрүлдү

2025-жылдын 16-август күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.К. Табалдиевдин тапшырмасына ылайык, район аймагында ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке райондогу бардык мекеме-ишканалардын, уюмдардын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары жана алардын эмгек жамааттары активдүү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош-Бишкек, Ош-Алай, Ош-Кара-Суу, Кара-Суу-Өзгөн автоунаа жолдорунун боюндагы таштандылар тазаланып, чөптөр орулуп, айлана- чөйрө тартипке келтирилди. Ошондой эле коомдук жайлар, мекеме-ишканалардын айланалары жана

Эл менен жолугушуу болуп өттү

Бүгүн, 14-августта Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Арзибек Жусупов Отуз-Адыр жана Мады айыл аймактарына караштуу Курбан-Кара, Шерали жана Тээке айылдарынын тургундары менен жолукту. Жолугушууда айыл тургундары бала бакча ачуу, мектеп короосун оңдоо, жолдорду асфальттоо, таза суу менен камсыздоо, жайыт жерлерди пайдалануу жана электр мамычаларын алмаштыруу маселелерине байланышкан көйгөйлөрүн айтышты. Акимдин биринчи орун

Жаңы асфальт төшөлгөн ички жолдор пайдаланууга берилди

Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине карата жаңы асфальт төшөлгөн ички жолдор пайдаланууга берилди . 13-август күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Арзибек Жусупов, Кара-Суу шаарынын мэри Ислам Эрмаматов жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда Эркин жана Ак-Орго айылдарындагы жаңы асфальт төшөлгөн ички жолдордун ачылыш аземи болуп өттү. Эркин айылы – Баймуратов көчөсү (1,2 км),

Scroll to Top