Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Июль 2025

Жол боюндагы мыйзамсыз курулуштар боюнча түшүндүрүү иштерижүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 Жарлыгынын негизинде Датка айыл аймагын аралап өткөн Ош–Алай жолунун боюндагы мыйзамсыз курулуштар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К. Айтибаев, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А. Жусупов жана тиешелүү комиссия мүчөлөрү катышып, жеринде мыйзамсыз курулуш ээлери менен жолугушуп, […]

Кара-Суу районунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) тарабынан уюштурулган маалыматтык-ориентациялык жолугушуу өткөрүлдү

2025-ЖЫЛДЫН 21-ИЮЛУНДА, Кара-Суу районунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) тарабынан уюштурулган маалыматтык-ориентациялык жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун негизги максаты — Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш райондорунда туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча жаңы долбоордун максаттары, ишке ашыруу механизмдери жана милдеттери тууралуу маалымат берүү, ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги кызыкдар тараптарды активдүү тартуу болгон. Иш-чарага Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын

“Аномалдуу ысыкка алдын алуу иш-аракет протоколун” активдештирүү алкагында гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы Кыргызстандын Кызыл Ай Коому менен биргеликте “Аномалдуу ысыкка алдын алуу иш-аракет протоколун” активдештирүү алкагында гуманитардык жардам көрсөтүү иш-чарасын өткөрдү. Бул иш-чаранын негизги максаты — аномалдуу ысык шартында социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо жана алардын күнүмдүк муктаждыктарын жеңилдетүү. Иш-чаранын жүрүшүндө жалпысы 350 үй-бүлөгө төмөнкү жардамдар берилди: 🧼 Гигиеналык каражаттар (самын,

“Баатыр эне” ордени жана “Эне Даңкы” медалы менен сыйлоо салтанаты болуп өттү

2025-жылдын 18-июлунда, Кара-Суу районунда “Баатыр эне” ордени жана “Эне Даңкы” медалы менен сыйлоо салтанаты болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-майындагы №117 жана №118 Жарлыгынын негизинде Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К.К. Табалдиев салтанатка катышып, 75 энеге “Баатыр эне” орденин, 53 энеге “Эне Даңкы” медалын ыйгарып, урмат-сый көрсөттү. Акимдин куттуктоо сөзүндө белгиленгендей, бул

Жогору жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөр сыйланды

2024–2025-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) ийгиликтүү тапшырып, 200 баллдан жогору жыйынтык көрсөткөн, ошондой эле артыкчылык аттестат менен мектепти аяктаган  бүтүрүүчүлөрдү  2025-жылдын 18-июлунда Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы К.К. Табалдиев салтанаттуу түрдө сыйлады. Сыйлоо аземине бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, мектеп директорлору жана мугалимдери катышты. Иш-чаранын алкагында бүтүрүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, ыраазычылык баракчалары жана белектер тапшырылды. Салтанаттуу аземде К.К.

Баатыр эне наамы 95 жаштагы энебизге ыйгарылды!

Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын жашоочусу 95 жаштагы Аширова Аятхан энебиз көп жылдан бери Баатыр эне наамын алууга татыктуу болуп келсе да, балдарынын документтеринде аты-жөнүнүн туура эмес жазылып калышы себептүү бул наамды ала албай келген. 2025-жылдын 18-июлунда Кара-Суу районунун мамлекеттик администарциясынын башчысы акими Канат Табалдиев “Баатыр эне” наамын Аятхан энебизге салтанаттуу түрдө үйүнө

Жоош айыл аймагында жайгашкан №59-кесиптик лицейинин ишмердүүлүгү жана материалдык абалы менен таанышып чыкты.

 Жоош айыл аймагында жайгашкан №59 кесиптик лицейинин ишмердүүлүгү жана материалдык абалы менен Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким К.К. Табалдиев  жеринен таанышып чыкты. 1966-жылы негизделген аталган билим берүү мекемеси учурда 8 багыт боюнча окуучуларга билим берип, жаштарды ар кандай адистиктерге даярдоону улантууда. Бүгүнкү күндө лицейде 289 окуучу, ал эми Кашкар-Кыштак айылындагы филиалында 52 окуучу

Ынтымак айыл аймагында бир катар социалдык обьектер текшерилди

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким К.К. Табалдиевдин тапшырмасына ылайык, райондун борборунан алыс жайгашкан Ынтымак айыл аймагына иш сапар уюштурулуп, бир катар социалдык объекттердин абалы жеринен текшерилди. Акимдин орун басары А. Куланова Кызыл-Суу айылында төмөнкү мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты: Кызыл-Суу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ) – калкка медициналык кызмат көрсөтүү боюнча күнүмдүк ишмердүүлүк менен

Scroll to Top