Бабалашкар мектебинин курулуш иштери менен таанышышты
Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким К.К. Табалдиевдин тапшырмасына ылайык, Датка айыл аймагында курулушу жүрүп жаткан №125 Бабалашкар орто мектебинин ачылыш аземине даярдыктар көрүлүп чыкты. Акимдин орун басары А. Куланова тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте объектти кыдырып чыгып, курулуш иштеринин жүрүшү, сапаты жана бүткөрүү мөөнөтү боюнча жеринде сунуштарын берип, подрядчы уюмдун өкүлдөрү менен пикир алмашты. […]