“Баатыр эне” ордени жана “Эне Даңкы” медалы менен сыйлоо салтанаты болуп өттү
2025-жылдын 18-июлунда, Кара-Суу районунда “Баатыр эне” ордени жана “Эне Даңкы” медалы менен сыйлоо салтанаты болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-майындагы №117 жана №118 Жарлыгынын негизинде Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К.К. Табалдиев салтанатка катышып, 75 энеге “Баатыр эне” орденин, 53 энеге “Эне Даңкы” медалын ыйгарып, урмат-сый көрсөттү. Акимдин куттуктоо сөзүндө белгиленгендей, бул […]