Жоош айыл аймагында жайгашкан №59-кесиптик лицейинин ишмердүүлүгү жана материалдык абалы менен таанышып чыкты.

 Жоош айыл аймагында жайгашкан №59 кесиптик лицейинин ишмердүүлүгү жана материалдык абалы менен Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким К.К. Табалдиев  жеринен таанышып чыкты. 1966-жылы негизделген аталган билим берүү мекемеси учурда 8 багыт боюнча окуучуларга билим берип, жаштарды ар кандай адистиктерге даярдоону улантууда. Бүгүнкү күндө лицейде 289 окуучу, ал эми Кашкар-Кыштак айылындагы филиалында 52 окуучу […]