Жогорку Кеңештин депутаты, район акими жана АРИС директорунун Отуз-Адыр жана Жоош айыл аймактарына болгон иш сапары
2025-жылдын 31-июль күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алишер Козуев, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиев жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) директору Марс Наспеков Отуз-Адыр жана Жоош айыл аймактарына иш сапар менен барышты. Иш сапардын алкагында АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорлорунун курулуш иштери менен жеринен таанышуу болду. […]